чамда
- Ылдамдоо, ыкчамдоо, тездөө, шашуу, шашылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Азык артып баарына, / Аргамжы менен чамдады, / Үч жүз киши котчу алып, / Таласты көздөй айдады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кашкардагы ханынын, / Башын кесип алганы, / Алты шаар, Анжийан, / Наманген, Ташкен, Самаркан, / Кикимат кетти алганы, / Нарын, Кочкор, Жумгалды, / Кетмен Төбө, Чамданды, / Атбашыда Бактыбай, / Шалкымат кетти алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Уруштуу күнү узарган, / Учу өрттөй кызарган, / Шилтегенде эр Манас, / Темирди талдай таарыган, / Ачалбарсын колго алып, / Желбегей тонун жамынып, / Барктууланып башкадан, / Башына сары чалынып, / Кер жолборстой чамынып, / Жайынча чамдап теригип,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…н сурнайчы, / Алмамбеттин айтканын, / Унутпастан жат кылып, / Керней менен сурнайдан, / Калың элге айттырып, / Кернейдин үнү чыкканда, / Аттангыла деди, деп, / Чамданып калган аптыгып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →