чал3

китептерде 738 жолу, 10 китепте чал 1 →чал 2 →
  1. Күрөштө буту менен экинчи кишинин бутун илип жыгуунун аракетин жасоо, илиндирүү.
  2. Жипти, узун тилке нерсени ж.б. имере ороо, оролто байлоо.
  3. Союу, жара тартуу.
  4. Байкоо, көрүү, чалгындоо.
  5. Оттоо.
  6. Чалгыч же башка бир нерсе менен аралаштыруу, булгалап аралаштыруу.
  7. Комуз чертүү, чертиле турган музыкалык аспапта ойноо.
  8. Кабылуу, туш келүү, басуу, чулгап калуу, каптоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…дык кетип калганы, / Бүгүн эртең келет деп, / Калдыктын жолун тосоттоп, / Бекбача үч күн карады, / Келбегенде Бекбача, / Кайра кеткен жеринен, / Калдыктын изин чалганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…өн баатыр Манасты, / Эр жараткан алашты, / Олуйа Кошой карыны, / Кабылан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ “Сурасаң, Жакып,алгын,”-деп, / Чыңгыш бере салыптыр, / Басып барып жигиттер, / Эринден чалып алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Он экиге чыга элек, / Он бир жарым жашыңда, / Үркөнчтөн чалгын чалганың, / Толтойду жерге жаздадың, / Чынкожону атканың, / Кайра айттың деп абама, / Көкчөнүн уулу Үмүтөй, / Башын кесип таштадың, / Жашың кырктан ашканда, / Он эки жыл азапты, / Опсуз катуу тартканың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бир жыл өткөндөн кийин абышка сыйкырчы чалга келип: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →