чал1
- Абышка, карыя, карып калган адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…дык кетип калганы, / Бүгүн эртең келет деп, / Калдыктын жолун тосоттоп, / Бекбача үч күн карады, / Келбегенде Бекбача, / Кайра кеткен жеринен, / Калдыктын изин чалганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…өн баатыр Манасты, / Эр жараткан алашты, / Олуйа Кошой карыны, / Кабылан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ “Сурасаң, Жакып,алгын,”-деп, / Чыңгыш бере салыптыр, / Басып барып жигиттер, / Эринден чалып алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Он экиге чыга элек, / Он бир жарым жашыңда, / Үркөнчтөн чалгын чалганың, / Толтойду жерге жаздадың, / Чынкожону атканың, / Кайра айттың деп абама, / Көкчөнүн уулу Үмүтөй, / Башын кесип таштадың, / Жашың кырктан ашканда, / Он эки жыл азапты, / Опсуз катуу тартканың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бир жыл өткөндөн кийин абышка сыйкырчы чалга келип:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →