чак5
- Таш, сөөк сыяктуу катуу нерселерди уруп, чаап талкалоо, сындыруу, майдалоо.
- Жанып уруу, жанып уруп от чыгаруу.
- Ушактоо, жамандоо, чагым айтуу.
- Датын, муңун козгоп айтуу, чечиле айтуу.
- Тогоп эсептөө, салыштырып нарктоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…еп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден көчүк кыйшайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кылычтуу менен найзачан, / Тамандан чыккан чаңды көр, / Чайкалып жаткан канды көр, / Чаар ичеги чубалып, / Чыкпай жаны кыйналып, / Чакыйып жаткан жанды көр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…дап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аарынын баары чогулат, / Кара чымын комоктоп, / Кескелдирик, көк кене, / Бөйөн, көгөн, дагы бар, / Чагуучу жандын баары бар, / Чачыкей жайы ушундай, / Деп бүтүрдү бар кебин, / Кайтарып жүргөн Сетертай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Нечен ажыдаарлар, тулпардын туягын чагып өттү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →