чак4

китептерде 536 жолу, 10 китепте чак 1 →чак 2 →чак 3 →чак 5 →чак 6 →
  1. Тиштеп туруп уусун жиберүү, талоо (мис. жылан, кара курт, чиркей, ж.б.) – Э чоң ата, – деди кечүүдөн өткөн соң Динар – жыландар кишини чагат, ээ? (Сыдыкбеков).
  2. Кээ бир өсүмдүктөр. Мис. чалкан, денеге тийгенде дүүлүктүрүү, тызылдатуу.
  3. өт. Сөөгүнө жеткирүү, жанына батыра сөз айтуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…еп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден көчүк кыйшайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кылычтуу менен найзачан, / Тамандан чыккан чаңды көр, / Чайкалып жаткан канды көр, / Чаар ичеги чубалып, / Чыкпай жаны кыйналып, / Чакыйып жаткан жанды көр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…дап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аарынын баары чогулат, / Кара чымын комоктоп, / Кескелдирик, көк кене, / Бөйөн, көгөн, дагы бар, / Чагуучу жандын баары бар, / Чачыкей жайы ушундай, / Деп бүтүрдү бар кебин, / Кайтарып жүргөн Сетертай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Нечен ажыдаарлар, тулпардын туягын чагып өттү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →