чакта
- Чак кылып өлчөө, ченөө, чак түргө келтирүү.
- Аша кетпөө, ашырып жибербөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Темирбек атам өлгөндө, / Жаш экемин ал чакта, / Мени кандай жөн койгон?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…алды деми өлүп, / Качырды Отор капыры, / Карагай найза өңөрүп, / Буту сынып жатканда, / Кулактан Тору ат тартканда, / Жыдыгы чыккан аз заман, / Толгон капыр ал чакта, / Толкуну көлдүн шары өңдүү, / Чоңдугу төөнүн нары өңдүү, / Салкыны сырттын жели өңдүү, / Ысыгы жайдын күнү өңдүү, / Көргөндүн баарын жадатып, / Күркүрөп чочк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алы канча экенин, / Кененим анан чактасын, / Уккан жандын баарысы, / Дабытай деп мактасын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…н тартканда, / Кырк арышынча узарып, / Учу өрттөй кызарып, / Бирден шилтеп өткөндө, / Эки жүздөн башты алып, / Кетип барат черүүнү, / Чапкан чөптөй жуушатып, / Чактабай уруш салыптыр, / Кан жошулуп агыптыр, / Эрегишип элебей, / Жылдыз чыгып калыптыр, / Айжаңжүн берип буйругун, / Керней менен сурнайдын, / Үнү чыгып калыптыр, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карыйа Бакай карк этип, / Жез комуздай шаңк этип: / — Андай болсо Гүлүсүм, / Ой, Каныкей айашым, / Кереметтүү киши элең, / Келээр чакта иштерди, / Канча жылда келээрин, / Учур чакта билчү элең.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →