чайчы

китептерде 20 жолу, 4 китепте
  1. тар. Чай кайнатып, чай берүү жагын тейлөөчү киши.
  2. Чайчыл, чайкор.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кул деген кулдай болот, деп, / Чайчысы менен катчысын, / Кирип чыкчуу атчысын, / Кубалап ийди талаага, / Капташып эми калды окшойт, / Темир шаасы балаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Мадана кеткен бул жерге, / Кычырып келе калгын, деп, / Кыйын бала жумшады, / Келе жатам саксаңдап, / Чайчым эле Мадана, / Кычырып өзүм баргалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алар антип жатканда, / Алды жүгүн артканда, / Сынчыбектин чайчысы, / Кирип келип үстүнө / Жабырады өзүнчө: / — Жарабас кебиң, бийлерим, / Жарашар жайың билбедиң, / Алыңар ушул болгон соң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Албарстыга Айчүрөк: / — Сөзгө көңүл бур, — деди, / Чайчы болуп Кыйазга, / Кызмат кылып тур, — деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чайчың, экен Шаймамбет, / Канча болду келгени? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →