чайпа

китептерде 52 жолу, 9 китепте
  1. Термелүү, ары-бери теңселте козгоо.
  2. Жайпоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күндүзү турган жам-жайкыт, / Түндөсү турган чайпалып, / Кубулжуган тоо көрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жүйрүн дөө качып кутулбай, / Манастан бери карата, / Келатат кыргыз ушундай, / Табакта сүтү чайпалып, / Каймактын чети бузулбай, / Жеңилип келген кишиден, / Эки жылы кысылбай, / Келбедиң, кытай ханы, сен, / Токсон миң аскер Тобукең, / Ошону топодой жууруп ким жеген? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Карап калып кайран шер: / “Кайрылбай кете берсемби, / Саламат менен Ачакан, / Таппай кайтып келгенде, / Кантер экен Дабытай, / Андан кийин көрсөмбү, / Суу толкутуп чайкалтып, / Толтура куйуп чайпалтып, / Келген күнүн көрсөмбү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кулу-күңү бар экен, / Мойну жоон чайпалган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Тоо ылдый соккон желаргы менен теректер дирилдеп, чөптөрдүн башы шуудурап акырын гана чайпалат... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →