чага
- Эки учуна кериле топ кыл тартылган кыл кыяктын таякчасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күн бешимге жеткинче, / Он эки баатыр балбандан, / Башын кесип алганы, / Бирөө тирүү калбады, / Бирин-бирге жеткирбей, / Бирден сайып жайлады, / Артындакы он миңди, / Короодо койдой айдады, / Чагандынын ийри жар, / Айдап барып камады, / Абдан дайнын сурады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…алайга, / Уруш кылып саларбыз, / Эл уйпалап уруш таап, / Эндекей жаткан элди чаап, / Эмгек таап аларбыз, / Аралап кирсек бул чөлдү, / Чыгалбай өлүп каларбыз, / Чагалек деген бир чөл бар, / Элүү күндүк куму бар, / Элүү күндүк куу кумдун, / Эки жерде суусу бар, / Эки жерде чөбү бар, / Кырк беш күндүк жеринде, / Шорголоп турган …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жакып менен жайлашып, / Түйүндүү кепти байлашып, / Буурултокой, Чаганды, / Орто жерде араны, / Өткөзүп берип Жакыпка, / Хан кылып кагаз бериптир, / Бай Жакыптын колуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бала Сейит жаш арстан, / Сүрүнөн коркуп качкан жан, / Качканына карабай, / “Шайтандан бүткөн Шатыке, / Кегим алам андан деп, / Кылыч тартпай кынынан, / Балталап башын чагам” — деп, / Калың колду аралап, / Кирип келди көкжалың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жалгыз калам — деп, — коркпо, / Жилигиңди чагамын, / Кууруп жеп сени тынамын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →