чабы

китептерде 13 жолу, 5 китепте
  1. диал. Айып.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бүтүлүү тоодой көгөрүп, / Жолун үйдөй чойун баш, / Чабына кысып өңөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сарык келет калдаңдап, / Этек-жеңи далбаңдап, / Жерге түшсө өлөт, деп, / Көргүлүгүн көрөт, деп, / Арстан Гүлүс алаңдап, / Алдыңдагы Сур койон / Чабына батпай жалаңдап, / Алымсарык балбанды, / Түшүрбөй кармап алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ойноп турган Телкүрөң, / Чабына батпай суурулуп, / Бура тартып тап берди, / Сейитке жооп кылалбай, / Каарына чыдап туралбай, / Кара бет качты далбактап, / Асман-жердин арасы, / Жалын болду от каптап, / Чойтолоң менен Тазкара, / Качып кеткен желмогуз, / Салып кетти чоң калба. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айбандан күлүк Суркойон, / Чабына батпай суурулуп, / Айтканча сөздү эр Гүлүс, / алдынан чыкты жулунуп: / — Ой, Каргалдай, кантесиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Түгөнгүрдү карасаң, / Түшүнө кирсе коркот жан, / Кармагандан кан чыккан, / Карагандан жан чыккан, / Баатырдык эмей неткени, / Бала кезден ал чыккан, / Барып кирген көрүнө, / Байкабай буга кас чыккан, / Бала толду сынына, / Астындагы Буурул ат, / Чабына батпай суурулат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →