чабар
- Чабарман, кабар жеткирүүчү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н, / Тартып алды кабынан, / Такыр баш болгон энебиз, / Сымаптан бетер жылтылдап, / Алдындагы сур атты, / Жыландай сойлоп кылтылдап, / Хан Калдыкка чаптырбай, / Чабар айла таптырбай, / Туман болуп көрүнүп, / Тунарыктан сөгүлүп, / Жарк дей түшүп ачылып, / Бекбачанын торуна, / Жеткендей болду асылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кароолчу койгон канчаны, / Чабарчы койгон анчаны, / Медеркан жок казакта, / Ал Каңгайда жатканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Найза, кылыч, балта бар, / Сом темир менен кетелек, / Андай жарак канча бар, / Бөрү тил учтуу канжар бар, / Учу кайкы шамшар бар, / Чойулуп чабар чоктор бар, / Очогор келте, Койчагыр, / Нечен түркүн мылтык бар, / Баарыдан мыкты жасаткан, / Ышкырып учкан жебе бар, / Түрүлгөн деңиз кептенип, / Түркүмдөп чы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…нип шаңданып, / Касаба тоодой жарданып, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Кыл муруту бириндеп, / Каары жүзгө айланып, / Алмабаш мылтык, Акшамшар, / Балтасы болот таш чабар, / Торгой көз темир бадана, / Үштү кийип кабаттап, / Туулганы башка көмөрүп, / Кийгени темир көгөрүп, / Кылычты салып кынына, / Ай балта байлап жанына, / Найза…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Оңдоп чабар балта жок, / Сундуруп кирер найза жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →