форма

  1. Тышкы көрүнүш, түр, кебете.
  2. Белгилүү бир нерсенин, иштин мазмунуна ылайыкталган, ага шартташылган принцип, тип, түзүлүш, жалпы көрүнүш.
  3. Аскер кызматчылары, мекеме кызматчылары, окуучулар ж.б. кийүүчү бардыгына жалпы, бирдиктүү үлгүдө тигилген окшош кийим.
  4. тех. Калып.
  5. канц. Бланканын, ар кандай иш кагаздарынын, толтурула турган документтердин ж.б. белгиленген үлгүсү.
  6. лингв. Грамматикалык категорияларды жана сөздөрдүн, сүйлөмдөрдүн өз ара байланыштарын уюштурган тилдик каражаттар.
  7. Көркөм чыгарманын мазмунун жаратуунун ыгы катары колдонулган көркөм каражат, ыкмалардын системасы, о.э. чыгарманын жанрдык, тектик түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.