уңгу

китептерде 42 жолу, 7 китепте
  1. Балта, кетмен, керки ж.б. куралдардын сабы ашталып бириктириле турган бөлүгү.
  2. Сөздүн мүчөлөргө ажырабаган негизги бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ушакчы болбо, ургаачы, / Ууру болбо эркегиң, / Жон сомоос уңгусу, / Ушул айтаар бар кебим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…тийген куу найза, / Талкаланып жатканы, / Карап калмак турбады, / Айбалта менен урганы, / Чаптырабы Кененим, / Балтага балта кагылды, / Чойун алптын балтасы, / Уңгусунан жарылды, / Кан ичме доңуз Чойун алп, / Кылычына камынды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Балтаңды, Чубак, ал, — деди, / Башын кесе сал — деди, / Эшик эндүү ай балта, / Чубак колго алганы, / Айры шили, кара куш, / Керилип чаап калганы, / Керилип чапкан чоң балта, / Уңгусунан орноду, / Суурар айла болбоду, / Нары тартты сырактап, / Бери тартты тырактап, / Чыкпай балта койгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чапкан балта Куйалы, / Каккан балта Сарыбай, / Уңгулары жарылып, / Керекке келер кейпи жок, / Эми кайра чабылып, / Бир мегежин бир каман, / Майданда калды табышып, / Жакадан алып тартышып, / Олпокторун жыртышып, / С… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Найзасын тартып алгыча, / Толтойдун уулу чоң Кыйаз, / Токтотпой бойун күүлөдү, / Уңгусу менен балтанын, / Айкөлдүн уулу Семеңди, / Чыкыйга тартып жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →