уял

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Бирөөнүн, көпчүлүктүн алдында ыңгайсыз, оңтойсуз абалда калуу, тартынуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жиберген бизди Кикимат, / Кел деген киши Кененим, / Абийир жок ургандар, / Уялбай айтып келгенин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Караганды уялтат, / Кепти баштап ал айтат: / «Атаңдын көрү, ит Чоро, / адам болбой, кет чоро, / акылы жок, нес чоро, / Жолоочу биздей болобу?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Келин элден уялгансып, бакта калып, ал кеткен сиң бир топтон кийин келди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
"Уялбай кантип барабыз" деп, Асандын эки көзүн чукуп, сокур кылып туруп, кудукка салып жиберишет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Жылаңачмын, уялып турам, баатыр, – дедим мен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →