уюлгу
- Бурала айланган абалда болуу, удургуу.
- Буралып көтөрүлүү, түрмөктөлүп көтөрүлүү.
- Уюл сыяктанып, бурала тармалданган абалда, көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Биз аттанганда асман бүркөлүп, төбөдө бир кара булут ары-бери уюлгуп, жел согуп, күн салкындап турган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Калың көч уюлгуй түшүп, бир аз кидирип туруп булкунду эле, черүүлөр дагы жаңкыдаи жооп аларды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →