ушала
- Үбөлөй укалоо, укалай сүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Олтуруп Отор ойлонуп, / Ушалап колун карманып, / Мурунку өткөн күндөргө, / Ого бетер арданып, / Капкайда барып Медеркан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ушаланган шум дүйнө, / Ачакандын ойуна, / Кирип чыкты чанданы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
— Мунун Манастыгы чын экен, / Атын Манас койуптур, / Өзү да Манас уул экен, / Ушалансын улуктар, / Эл башкарчу бул экен, / Баралына келгенде, / Падыша болчу бала экен, / Ушул бүгүн турушу, / Падышача бар экен, / Букарада не жазык, / Кыл дегенин кылганбыз, / Кызыталак хандардын, / Айтканын кандай кылбайбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайрат кылды канчасы, / Айбат кылды мынчасы, / Ушаланып жоголду, / Упурак болуп барчасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ойрот сайган куу найза, / Боорунан тешип өтпөдү, / Тик тигинен жарылып, / Куу найза иши бүткөнү, / Ушаланып жоголду, / Найза тийген Сомбилек, / Кыйшайып барып оңолду, / Башынан багы кетпеди, / Оодара сайып салууга, / Ойроттун күчү жетпеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →