ушак1
- Бирөөнүн артынан айтылган жалган сөз, чагым.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манжа башка, билек бир, / Ушак айтпа аркадан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Казакка кылба жамандык, / Түбүндө нээти түз эле, / Мөңкөтай айтып ушак кеп, / Көңүлгө кеткен арамдык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Баш көтөргөн уулуңа, / Артынан айтып ушак кеп, / Жакып, ичиң тар экен!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куткарбаска алдырып, / Тапан хан куру калат, деп / Ортобузга сууктук, / Салгалы айткан ушагы, / Экөө айтты ырас, деп / Чойтолоңдун курчуңдап, / Айткан кебин карачы, / Чойтолоңдун, Тапан хан, / Сага кара санаасы, / Кишиники кебинен, / Чыгып калат аласы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Большевик көрүнгөндү атып, асып, кыйратып отурат» — деп душмандар ушак тараткан.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →