уч3

китептерде 866 жолу, 10 китепте уч 1 →
  1. Асманга, абага көтөрүлүү (мис. канаттуулар, самолёт ж.б.) Карагай-Булак, Чоң Ак-Суу, Көлдөн учту көп ак куу (Сыдыкбеков).
  2. өт. Тез чуркоо, тез жүгүрүү, тез жүрүү.
  3. Тез өтүү (мис., мезгил, убакыт) Күндөр учту, балапандай шактадың, Класстардан класстарга аттадың (Токомбаев).
  4. Жыгылып түшүү, кулап түшүү, ыргып кетүү.
  5. Алга карай умтулуу, тез илгерилөө Күндөп гүлдөп, алгалап, Темптер менен учабыз (Токомбаев).
  6. Эргүү, толкундануу.
  7. өт. Өлүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…үгүп, / Чоктой жанып ич күйүп, / Бактыбай менен Йобалы, / Ортосунда от күйүп, / Айкырган үнү угулуп, / Ачып көздү жумганча, / Канчалап найза урулуп, / Найзанын учу түйрүлүп, / Балтанын сырты жарылып, / Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот ту… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…лүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – деп салат; / Абалкылар кеп салат: / “Айдай жеңең Айчүрөк, / Ак куу болуп асманда, / Учуп жүрөт” – деп салат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ылачындай тийгенде, / Баш тартпастан киргенде, / Капташып калса баатырга, / Кутулбасын билгенде, / Он бири качты калдаңдап, / Найзанын учу жетет деп, / Как далыга бир койсо, / Каражан кантер экен деп, / Буттары барат тепеңдеп, / Сакалдары эпеңдеп, / Аркасын карап кылчаңдап, / Эми жетет экен, деп, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ө, / “Сынчыдан миң ат өлдү деп, / Хан Алмамбет баашабыз, / Каарлап алып кетти деп” / Калгандардан угуп кеп, / Куруп калган Сынчыбек, / Кокус өлүп кетер, деп, / Учуп жетип энтелеп: / — Баатыр ат биздерде, / Ат берели бул элге, / Сурап келдик Сынчыны, / Канын бериң биздерге, / Өткөн иш өтүп болуптур, / Эндөөлүк кылып койупту… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канатым бар учармын, / Асман менен сызамын, / Антип кетип калганда, / Эрежесин кыргыздын, / Мен Айчүрөк бузармын, / Улуулар калса аркада, / Учсам Чүрөк алдыда, / Уйатына калармын, / Аркаңдан, балам, салпылдап, / Ээрчип учуп багайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →