учтуу

китептерде 8 жолу, 7 китепте
  1. Учталган, уч чыгарылган, учу бар.
  2. Өткүр, курч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Орто бойлуу, буудай жүз, / Кылкан мурут кызыл көз, / Орок мурун дөң маңдай, / Кең көкүрөк кууш айак, / Манжасы учтуу сом билек, / Темир өзөк таш жүрөк, / Күүгүм туман көзү бар, / Майлаган буудай жүзү бар, / Булчуңдары томолок, / Адамдан башка күчү бар, / Ажыдаардай сүрү бар, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
чабышта, / Чалыкпас жайы көрүнөт; / Кара мүртөз кайры жок, / Карамдык жагы көрүнөт; / Көзү чуңкур, дөң маңдай, / Дүмөк далы, кыска бел, / Томолок билек, манжа учтуу, / Кармагандан кан чыкчуу, / Каруусу артык көрүнөт; / Капырай кандай адам, деп, / Бакайдын көөнү бөлүнөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Найза, кылыч, балта бар, / Сом темир менен кетелек, / Андай жарак канча бар, / Бөрү тил учтуу канжар бар, / Учу кайкы шамшар бар, / Чойулуп чабар чоктор бар, / Очогор келте, Койчагыр, / Нечен түркүн мылтык бар, / Баарыдан мыкты жасаткан, / Ышкырып учкан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өткүр учтуу тырмагым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Алдары арбын күчтүүлөр, / Найзасы албарс учтуулар, / Ылганып алга чыгышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →