учтан
- Учу же аяк жагы ичке, кууш тартуу, учтуу болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Кайра тартпас шер Манас; / Алтымыш кулач найзасын, / Бешкулак келет булгалап; / Айбаты артык асыл шер, / Чымырканып чыйралды, / Булгап салган найзаны, / Улай учтан кармады, / Кармай силкип калганы, / Арстан Манас тартканда, / Күүсү менен Бешкулак, / Пил үстүнөн кулады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бой бербестен Гүлчоро, / Толтойдун урган найзасын, / Улай учтан кармады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →