учта

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Кандайдыр бир нерсенин учун ичкертүү, уч чыгаруу.
  2. өт. Узартуу, улоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…а алабыз, / Ар жагы Кашкар, Хотенге, / Ат изин салып барабыз, / Лопнур, Азык, Аралды, / Биз каратып жанабыз, / Атбашыда Бактыбай, / Түп көтөрө чабабыз, / Уугун учтап шиш кылып, / Куйкасын тилип туз куйуп, / Унуткусуз иш кылып, / Антип кекти алабыз; / Кутубий, Манас дегенде, / Турпан, Кумул, Баркөлгө, / Алтай, Чөйчөк, Илеге,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Найзаны учтап чыгартам, / Учун ууга сугартам, / Кылычымды миздетем, / Кененим, башын кеспесем! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Келе жаткан Адырай, / Куйкасы жаман курушту, / Айал-үйөл кылбастан, / Жалмайым дейт, бурутту, / Татайды арзан самады, / Колуна балта кармады, / Найзанын сабын бек учтап, / Татай карап турбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кымызына суу куйуп, / Унуткус бир иш кылып, / Уугун учтап шиш кылып, / Унун күлдөй сапырып, / Сыймыгын баштан качырып, / Ушундай кылып тынбасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кылган экен кооздоп, / Жакут менен учтатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →