учкун
- Күйүүдөн же абдан ысып кызуудан пайда болгон кыпын, оттун чачыраган майда кыпындары.
- Кандайдыр бир нерсенин жылтылдаган майда бөлүкчөсү.
- Эгинди сапырганда туш-тарапка чачыраган майда-барат ыпыр-сыпырлары.
- өт. Кандайдыр бир сезимдин, жөндөмдүүлүктүн ж.б. сезиле түшкөн элеси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кабагы кашат жапыздай, / Эки көзү бултуйуп, / Жаңы чыккан тарбыздай, / Айдаары аттын жалындай, / Учкун учуп от чыгып, / Көзү кызыл жалындай, / Асылдын атын укканда, / Алдында атын камчылап, / Ачуусунан жаш чыкпай, / Көздөн каны тамчылап, / Күүлөп сунган найзанын…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Зыркаары шамал зыркырап, / Учкан куштай дыркырап, / Ырсайып оозу ачылып, / Азуулары кычырап, / Маңдайында эки көз, / Учкундап оту чачылып, / Артынан чаңы сүрүлүп, / Аркасында айдаары, / Аргамжыдай түрүлүп, / Кененимди беттеди, / Жалаңгыч сарык атанган, / Апкаарып мындан кетеби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бет алдынан караса, / Көзүнөн жалын учкундап, / Чакмак таштай жылтылдап, / Майлаган буудай жүздөнөт, / Күүгүм туман көздөнөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Муруту балта сабындай, / Көзүнөн чыккан учкуну, / Көөрүктөн чыккан жалындай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Өчөшүп кирди балага, / Өлтүрүш бар санаада, / Сомбилекти өлтүрсө, / Кыргыздын элин таларга, / Көөдөнгө найза такылдап, / Күркүрөп булар бакырат, / Балтага балта тийгенде, / От учкундап чачылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →