учкаш

китептерде 22 жолу, 7 китепте
  1. Бир унаага катарлашып, биринин артынан бири минип алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Учкаша минип Тору атка, / Качып катын кеткени, / Манжу, моңгул чоңуна / Кабар айтып жеткени, / Айбан да болсо Майтору, / Билип турат көзү ачык, / Сүйлөйүн десе тили жок, / Арамдыктан сөз ачып, / Жакындап катын барганда, / Кошкуруп калды жер чапчып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Деп Мөңкөтай далбастап, / Учкаштырып албастан, / Оголе жаман шашканы, / Мадананы туу белге, / Кебин угуп таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кунудан куйуп тамызып, / Сур Койонду Семеңе, / Түшүп берди мингизип, / Алымсарык учкашып, / Алымсарык минген ат, / Гүлүстөн минип алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эки ийнин басып тайанып, / Арка жагын калкалап, / Ат сооруга жабышып, / Учкаша минип жанашып, / Учкашса да сулуу кыз / Семетейге жарашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Тышка чыгып, мени аяктап, учкаштырып жатып дагы: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →