ууч

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Колдун манжаларын алаканды көздөй ийип бүрүштүргөндөгү абал, ошол абалда колдун ичине туура келген өлчөм, чен.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Уучташып душманга, / Канчалык кызмат кылсаң да, / Кыйынчылык күн келсе, / Күлүмсүрөп олтурат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кароолчуга эр Сыргак: / — Калкыңа али кайт, — деди, / Калк бийлеген Сынчыга, / Укканың менен көргөнүң, / Калтырбай баарын айт!- деди, / Сөзүңдүн башын белгилеп, / Айтып баргын бегиңе, / Белдүү Манас келди, деп, / Беймаал чаап алыпсың, / Бүтүн койбой элди, деп, / Ташкенди кошо чабам, дейт, / Кош ууч Кокон сен эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чойуп койсоң, Ажыке, / Чылбыр бойу узарат, / Койо берсең жыйылып, / Уучтан ашпай чогулат, / Табылгы, сөксөөл чогуна, / Күймөк түгүл ысыбайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
«Кудай» билет, Эшпай ошондо колундагы бир ууч буудайын дүйнөдө эч нерсеге «алмашпас» эле деп ойлойм. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Менин айткан тилимди албай көзүңдөн айрылдың, – деп бир ууч топурак менен көзүнүн ордун укалап, айыктырып коёт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →