уурта
- Шимирип жибербестен, ууртун толтура бөлүп-бөлүп кичинеден ичүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күүгүм болжол бүрүлдө, / Көмө чаап кан ууртап, / Көөнүмдө жыргап жатайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алтымыш саптуу айакты, / Алтымыш ууртап таштады, / Кырданмак болду Кызыл алп, / Уйкунун даамын таткалы, / Туйунтмак болуп Суумерген, / Кызыл алпка айтканы: / — Ойуңда сенин жок экен, / Мен келбесем к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арзан эмес кан Бакай, / Бармактай тамак таттырбай, / Эс алган сайын баатырга, / Муздак суудан ууртатып, / Кылт дедирип жуткуруп, / Жел киргизбей кумтушуп, / Каныкей качан келет деп, / Белес жакка көз түрүп, / Бир түндү араң өткөрдү, / Кирпик какпай олтуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аргымак суудан оозуна, / Ууртап алып толтура, / Тамызып сууну туруптур, / Жараатка чапкан дарыга, / Тамызып турду дембелеп, / Жалбырак куурап калат деп, / Жашартып улам бул чөпкө, / Айбанда болсо жылкынын, / Акылы артык бөлөкчө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
– Эчак эле айтпадым беле, чунак кыздар, чуулдап жүрүп ушуну кылмак элеңер, кайсы жерге түшкөнүн көрсөтүп бергиле, – деп эки кызын ээрчитип Сейит чал сууга келип, сууну ууртап коргошунду тиштеп алайын дегенде, Чыныбек жөргөмуш болуп, бир теректин башына жөргөлөп чыгып кетти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →