ууз

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Туурдун, төрөрдүн алдында жана туугандан, төрөгөндөн кийинки биринчи мезгилдерде чыгуучу коюу сүт.
  2. өт. Жаш, жаңы, жетиле элек.
  3. өт. Таза, кирсиз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Барган жерим бакты го, / Кыз көөнүмө жакты го, / Ала турган келиниң, / Карахандын кызы экен, / Каныкей деген ууз экен, / Кудалашып сөз байлап, / Кулдук уруп баш байлап, / Кудалашып кайттым го, / Кыз атасы Карахан, / Санаксыз калың айтты го. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чыкпай койсоң каралап, / Тиктеп турсаң сагалап, / Чүрөктү ууздап жатат, деп, / Элиң мындай айтпайбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сабага кымыз ачытат, / Чыкканча үркөр жеринен, / Ууз кымызга канышат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →