ур1

китептерде 676 жолу, 10 китепте ур 2 →
  1. Дененин өзгөчө болуп уркуюп чыгып турган бөлүгү.
  2. Уюл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аттын башын оң тартып, / Бекбачага баш уруп, / Жүрүп кетти Бактыбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чубак, Сыргак бой уруп, / Аралап кирди көп элге, / Адам аккан бул селге, / Торун топтоп кармашып, / Тобу менен жармашып, / Эр Сыргакка он миңи, / Тегеректеп тор салып, / Канча тордун ичинде, / Сыргак калды капталып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Теңири бирге теңтуштун, / Тебелеп урсаң – ойун”, дейт, / Канчоронун кылыгын, / Гүлүсүм анын бири дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Менин өнөрүм: тоодогу айбанаттардын баарын таш менен урсам, өлбөй калбайт, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →