урчук

китептерде 33 жолу, 8 китепте
  1. Тоонун учтуу, тар жери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өйүзү сеңир ак урчук, / Жээн жайлоонун чоң тумшук, / Күүлөп-күүлөп имерди, / Урчукка койуп жиберди, / Урчуктун ташын камдады, / Өчөшкөн калмак Отордун, / Эти турмай сөөгүнүн, / Дегеле дайны калбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Башына түшүп кыйамат, / Омурткасы зыркырап, / Кабыргасы быркырап, / Каңгара какшап жан кыйнап, / Бүткөн бойу дал болуп, / Кармалбай колу шал болуп, / Чырым уйку албастан, / Канча түрдүү чөп ичип, / Айанбастан көп ичип, / Сүрүп чыкты аңгыча, / Жер агарып күн тийип, / Кесилет чыкты жекеге, / Урчук таштай керкийип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Коросон оттук жагыптыр, / Котчудан отуз алыптыр, / Кара урчук деген адырга, / Калың топ Көкөң барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайыпчынын тоосу деп, / Үстү арсак аппак тоо, / Этеги кырка кызыл зоо, / Салаңдап келген тумшукта, / Туташкан түздө урчукта, / Керкилеп кертип чапкандай, / Жиптен керип тарткандай, / Зымылдаган зоо эле, / Зоону түптөп келатып, / Жоголуп кетти бир демде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Күүлөп чокмор колго алды, / Көрүнүп турган урчукту, / Күрс дедире бир салды, / Оморулуп урчук таш, / Түзөлүп орду калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →