уруу1
- Өз ара туушкандык мамиледе болгон адамдардын тобу.
- өт. Түр, түркүм.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кара калпак өзүбек, / Бадахшан, Үркөнүч жергелеш, / Алтымыш уруу көп алаш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алжан, алчын уруусун, / Аксакал менен жакшысын, / Айылды билген башчысын, / Кишиге жакын ыктуусун, / Тилге жакын шыктуусун, / Балта чабар мыктуусун, / Өзүнө тайын Мөңкөтай, / Чыкыр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тулпардын изи экен, деп, / Тиктеп көрсө бекемдеп, / Алтымыш уруу алаштын, / Такасындай из эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алжыгандай бай Жакып, / Айтасың кандай ушактап, / Өзүңдөн туулган Манасым, / Алтымыш уруу алаштын,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карманап бойу бир дөбө, / Иниси бар Карадөө, / Теңдешип көрүп ал келбей, / Семетейге чаптырды, / Семетей барып Таластан, / Бадыкүлдү кулатып, / Карманап тургай ар жаккы, / Кулданып эки уруу, - / Бараң менен Шаңкайды, / Аларды кошуп куткарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →