урун
- Башка бир нерсеге тийүү, кагышып калуу.
- Көзгө көрүнүү, көзгө чалдыгуу, учуроо.
- Пайдалануу, колдонуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Башы туйук жери кең, / Аккан агын суусу бар, / Таштан ташка урунуп, / Күпүлдөгөн доошу бар, / Айагы кууш аскалуу, / Коо болуптур Бекбача.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сыпаты башка бир бала, / Сурмасы көзгө урунду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Буулугуп калган кезиби, / Урунарга тоо таппай, / Урушарга жоо таппай, / Айдарына мал таппай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чалкадан жаткан чоң дөөнүн, / Төшүнө чыга калганы, / Жан талашып бадырек, / Колун серпип алганы, / Чыпалак тийсе урунуп, / Чылбыр бойу алыска, / Чубак учуп барганы, / Өлдү Макил ушинтип, / Өзөктөн чыгып жан-маны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Торгойдон бетер сүйлөнүп, / Чөйрөсү менен тал агып, / Үстү менен сал агып, / Жаш балаты карагай, / Башы көтүн карабай / Тамыры менен суурулуп, / Жарга келип урунуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →