урук

китептерде 262 жолу, 8 китепте
  1. Үрөн, үрөндүк дан, тукумдук дан.
  2. Уруу, тукум.
  3. Ургаачы балыктын майда-майда тукумдук жумурткалары, икра.
  4. Адамдын, айбандардын эркектик тукумдун суюктугу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алаш уулу болгондун, / Он төрт ханы чогулду, / Чыгыштагы беш урук, / Мен батыштан кошулуп, / Түштүктөн испан, оогандык, / Сегиз хан эли чогулдук. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Касиет, калка бир тууган, / Албан, кызай - эки урук, / Казак андан туулган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ды, / Андан кала бергенде, / Карылардын айтканы: / Атактуу Коңур алп баштап, / Нескара менен Мурадил, / Уушаң өңдүү зор баштап, / Түп Бейжинге калтырбай, / Беш урукту бүт айдап, / Таласка келип алалбай, / Же муунуп өлүп калалбай, / Жатындашы Ороккыр, / Нескара менен Мурадил, / Сен калмактын Уушаңы, / Коңурбайдан башкасы, / Б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айжаңжүндүн баатыры, / Өзү манжу уругу, / Жоо сагынып буулугуу, / Малуна деген бар экен, / Өз алдынча зал экен, / Бет алган жакка чаң салган, / Белдүүнүн бири ал экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Менин элим төрт урук, / Эки уруктун улугун, / Сейит койду өлтүрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →