урпак
- Келечекки, жаш укум-тукум.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атасынан баласы, / Артып чыгат ар качан, / Урпагы жок Манастын, / Жакадан ажал албаса, / Ат үстүнөн кыйшайган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Унутулуп калбаска, / Урпактарга жайылттым, / Азыраак кыргыз эл эмес, / Ай-ааламга тааныттым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Үйдө жатып эр өлсө, / Казган көргө кирбейби, / Өлгөн күнү билбейби: / Эл үчүн өлгөн эр болсо, / Укумдан тукум унутпай, / Урпактар айтып жүрбөйбү, / Азыр өлгөн немедей, / Укканда ич күйбөйбү!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дешип булар чуркурап, / Сейитимден айрылбай, / Салбырап ээрчип алыптыр, / Ошолордун урпагы, / Салар атка калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Баары пейли кең экен, / Айкөлдүн улан-ушагы, / Уулу менен урпагы, / Аташканы-алганы, / Канат-куйрук калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →