урмат
- Ардактоого, барктоого татыктуу болгон кадыр, сый, ызаат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Караанын көрүп камынсам, / Уулдун-уулу чунагым, / Секирген ташка улагым, / Деңизге суусу кошулган, / Аскадан аккан булагым, / Асылбача кулунум, / (Урматын көрдүм уулумдун) / Жалгыз кеткен болбостон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ар, / Колуна алган кушу бар, / Ээрчиткен тайган ити бар, / Толгомо саптуу камчы бар, / Жанында эки киши бар, / Кадырлуу Кошой абаңдын, / Көрө койуп караанын, / Урматын кылып бардык хан, / Түшүшүп тегиз атынан, / Көрпөчөнү жайышты, / Кадырлуу Кошой карыны, / Каркыттап жөлөп алышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каргалдайды сен балам, / Ордонун башы бол деди, / Кутубай менен Торсолдой, / Балдардын көрүп урматын, / Үйүңдө жыргап жат, деди, / Ушундай кеңеш кеп болсо, / Ички сырды айт, — деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Заңкайган Алатооңдон, / Залкайган терең кооңдон, / Какжырап жаткан чөлүңдөн, / Мелтиреп жаткан көлүңдөн, / Төшүн жайып дагдайып, / Кеңирсип жаткан төрүңдөн, / Байчечекей жайнаган, / Саймадан көрктүү бүрүңдөн, / Сан-санаксыз кубулган, / Көз жалтанган гүлүңдөн, / Урмат менен суранам, / Упурак болуп муңайам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Үпүптүн алдынан чыккан айбанаттар ийилип салам берип урматташып, мындай сый-урматка манчыркап көбө баштап, кыял-мүнөзү өзгөрүп толкундап турган учурда баягы кашкулак досу эсине түшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →