урма

китептерде 8 жолу, 3 китепте
  1. диал. Карагай сүйрөтүүдө колдоно турган чагарагы бар учтуу темир.
  2. диал. Дубал согууда колдонула турган курал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Койондой буйтап Телкүрөң, / Ордун салып жазгырып, / Жерге тийген чокмордон, / Топурак көккө чачылып, / Урма кулак кара суу, / Жерге чыкты атылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эрлик менен аттанып, / Эбин таап кирсем — деп, / Урма ташта жез ноого, / Бурап тартма жерине, / Чыгарып алма тээгине. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Урманбеттин алдагы тагдырын ойлоп, көпкө уктабай жаттым... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Урманбеттин ырайымсыз түрүн көргөн соң, Ыбыке өзү да чочулап: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бул сөз Урманбетте бир бүркүм сууча даарыган жок. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →