урган

китептерде 231 жолу, 10 китепте
  1. Кем, санда жок деген сыяктуу мааниде жамандыгын көрсөтүп, көбүнчө кемсинтүү иретинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кокүндү кудай урганы, / Айал-уйал кылбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Салмоор менен таш урган, / Жазбай кара башка урган, / Таштын үнү дуулдап, / Барскандары жонулду, / Уста келет балбаңдап, / Араалары колунда, / Жыгаччы келет салбаңдап, / Этегин өөдө т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күүлөп урган күрзүсүн, / Күчү менен чабаарда, / Эр Сыргактын денесин, / Жерге нандай жабаарда, / Томолонуп атынан, / Тар кезеңге тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегин… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайраттанды Карадөө, / Чоң чокморун колго алып, / Каарданды үңкүйүп, / Кабагың карашы ал салып, / Заарданып Карадөө, / Уйутуп койгон чойундан, / Жолум үйдөй чойун баш, / Опколжуп келип урганда, / Омкорулуп далай таш, / Карс-курс эткен үн чыгат, / Асманда учуп топурак, / Көктү тиреп зоңкойгон, / Тоо түгөнүп баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жел бардык күчүн жыйнап келип урганда, жаман үзүк делпилдеп, үйдүн жыгачтары кычырагандай болот, ирегеде чийдин бир жыртыгынан эрегишкендей борошо кирип, айдап алган карды коломтого чейин буркуратып таштап турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →