ураан

китептерде 226 жолу, 8 китепте
  1. Чакырык.
  2. Уруу, тукум, эл.
  3. Жетекчиликке алынган идеяны, милдетти же саясий талапты кыскача формада көрсөткөн чакырык, лозунг.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каңгайлап ураан чакырды, / Катуу айгайлап бакырды, / Караңгыда калдаңдап, / Кабылан эрди качырды, / Капташып кирип келгенде, / Жандап өтө берди эле: / — Кетти душман жериңе, / Кейишти салат элиңе, / Мен Торгойго кызматкер, / Чигитейге беттешип, / Айтып койгун деди эле! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Каарданып Кененим, / Абасы Гүлүс кептенип, / Заарданып Кененим, / Манастап ураан чакырды, / Тармалкөктөн солтойтуп, / Сайып өттү капырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ачууланып айкырып, / Ураанын айтып бакырып, / Бирин бири силккенде, / Жолум үйдөй топурак, / Обого чыгат чачылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Манастап ураан чакырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ “Манастап” ураан чакырып, / Ат койуп жөнөп калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →