упура
- Майдалап бөлүнүү, үбөлөнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Батыш менен чыгыштан, / Киши келбейт байкасам, / Келип калса кокустан, / Эл упурап чачылат, / Арада канча киши бар, / Ошонун баары кысылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ошондон бери карата, / Тоо упурап жер болду, / Зоо упурап чөл болду, / Жер жыртылып сай болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айдап кетип малыңды, / Алсыратып кеттиби, / Бүткүл айыл баарыңды, / Өлтүрдүбү ханыңды, / Упуратып жаныңды, / Угайын айтчы зарыңды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бачымыраак баралы, / Кабарсыз калды калың эл, / Бизди издеп ар кайдан, / Упурак болуп калабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Заңкайган Алатооңдон, / Залкайган терең кооңдон, / Какжырап жаткан чөлүңдөн, / Мелтиреп жаткан көлүңдөн, / Төшүн жайып дагдайып, / Кеңирсип жаткан төрүңдөн, / Байчечекей жайнаган, / Саймадан көрктүү бүрүңдөн, / Сан-санаксыз кубулган, / Көз жалтанган гүлүңдөн, / Урмат менен суранам, / Упурак болуп муңайам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →