унут

китептерде 256 жолу, 10 китепте
  1. Эстен чыгып кетүүчүлүк, унутулуп калган абал.
  2. Эстен чыгып коюу, эстен чыгып кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Казынадан беш мата, / Алып чыгып Бекбача, / Нурфануга кепин, де, / Унутуп калбай айткыла, / Акылман энем Каныкей, / Өз колу менен кармаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Атадан калган керээзди, / Асли унутуп калбайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кечээ, Дүйшөмбүдө урушта, / Бирге барды кыргыздар, / Койгун десем болбоду, / Унутуп калган урушту, / Ат чабыш деп ойлоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Манасты Баймат унуткан, / Кимди унутпай калсын” – деп, / Элге калды макал кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эки күн болду келгеним, / Кылчайып карап койбодуң, / Ак сүтүн берген саа сактап, / Уктабай түндө сак сактап, / Каныкей болду ынтызаар, / Унутуп аба, не болдуң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →