унаа

китептерде 32 жолу, 7 китепте
  1. Жүк артылуучу жана минип жүрүүчү мал.
  2. Транспорт каражаты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сакта менен Саранжа, / Унаадан жүгүн түшүрүп, / Чатырын тигип күтүнүп, / Кеңеш кебин бүтүрүп: / “Жекелешип баралы, / Жеке уруш салалы, / Пил болсо да бу чакка, / Чаалыккандыр Кененим” / Каңгайдын көрүп байрагын, / Жоодар сайды бир жерге, / Кененимдин желегин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Төрттөн аркан, төрттөн кап, / Ком-чому менен мен берем, / Айры өркөч атан төө берем, / Жону туйук нар берем, / Үч унаага бирден эр, / Айры өркөчтөн алты миң, / Нардын саны толук миң, / Нар санаты жети миң, / Тартар аркан, салар кап, / Азык-түлүк, минген ат, / Баары менин өзүмдөн,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Олуйа Бакай төө бакты, / Унаа минбей жөө бакты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Унаа минбей түн катып, / Басып келген болучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Көгөнүн теңдеп арттырып, / Комдолуу нарча төө менен, / Ээрчитип кулун бээ минген, / Унаасы жок жөө жүргөн, / Тайагы бар жөө менен, / Уй айдамак, кой алмак, / Жөлөнбөй боорго өөн менен, / Жылкы айдамак канчасы, / Четинден алган укурук, / Кыргызды чаап… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →