умтул

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Алдын көздөй жүткүнүү, бир нерсеге жетүү үчүн обдула илгерилөө.
  2. Улам алга карай өсүүгө же кандайдыр бир жаңылыкка жетүүгө аракет кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ачаны качырып, / Бекбачаны карасаң, / Ак мейкин зоодой зымылдап, / Асмандагы жылдыздай, / Эки көзү балбылдап, / Өңкүр кабак үнү ачуу, / Жетисуудан жем жеген, / Умтулганын узатпас, / Желбегей Сыргак бүркүттөй, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Ак жолборстой сүрдөнүп, / Күүгүм туман көздөнүп, / Майлаган буудай жүздөнүп, / Муруттары бирин… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чабына батпай суурулуп, / Кара терге чумулуп, / Калыбек менен Кененим, / Качырышып умтулуп, / Билегин салып кол сунуп, / Ач билектен алышып, / Айабай күчүн салышып, / Амал кылып эбин таап, / Жумуру кайыш канжыга, / Билектен байлай калышып, / Байлатып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алаканга түкүрүп, / Жан айабай умтулуп, / Камбыл экен Көкбука, / Кармап найза шамдагай, / Качырганда баатырды, / Көргөндөр көрүп жан калбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айтып кабар салайын, / Туугандык кылса Семетей, / Алып келе калайын, / Душмандык кылса тил албай, / Анда кабар кылайын, / Деп айтканда гүлчоро, / Ач бөрүдөй умтулуп, / Чапанын тетир кымтынып, / Хан Көкчөнү эске алып, / Төрө Үмүтөй үшкүрүп, / Ачууланып бакырып, / Алдындагы чорого, / Абыдан сүйлөп бакырып, / Айбан, кул, азыр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Сомбилектен кутулуп, / Сурданып Ойрот кутуруп, / Жана кирди баатырга, / Бул кара жүз умтулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →