умсун
- Үмүттөнүү, үмүт кылып кароо.
- Үмүттөнгөн нерседен алданып калуу, көңүл калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кылыксынып кара бет, / Кыйа карап оштонуп, / Жымың этип бир күлүп, / Тиктеп калды томсоруп: / — Жатамын деп ашыгып, / Дал бешимден шашканың, / Умсунуп турдум от жанып, / Үмүттү үзүп таштадың, / Дагы ушундай кур кепти, / Мындан кийин айтпагын, / Өзүңө айттым бул кепти, / Жат кишиге айтпайым, / Жашың элүү ашыпс…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сырнайзаны колго алып, / Чын ачуулап умсунду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Өзүнө ылайык кембагалдын кызы Умсунайга баш кошуп "эки бакыр, бир тукур" болуп оокат кылышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →