улуу2

китептерде 179 жолу, 10 китепте улуу 1 →
  1. Өзүнүн мааниси, сапаты, деңгээли боюнча эң көрүнүктүү, эң жогорку, артыкча.
  2. Ж ашы жагынан жогору.
  3. Чоң, зор.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Улууң барсың, кичүүң бар, / Кокүн кебин угуп кал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кең деңиздей жомокту, / Кемечен кечтим, арыдым, / Кара чачым агарып, / Жетимиш ашып карыдым, / Улуу дастан “Манасты”, / Отуз жыл айттым узартып, / Жаагым качан талыдым? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канатым бар учармын, / Асман менен сызамын, / Антип кетип калганда, / Эрежесин кыргыздын, / Мен Айчүрөк бузармын, / Улуулар калса аркада, / Учсам Чүрөк алдыда, / Уйатына калармын, / Аркаңдан, балам, салпылдап, / Ээрчип учуп багайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Улуу баласынын аты – Ормон, ортончу баласыныкы - Коргон, кичүү баласыныкы - Болгон экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →