улу

китептерде 36 жолу, 9 китепте
  1. Көбүнчө карышкырдын же иттин созуп үн чыгаруусу.
  2. Созулуңку уңулдоо (мис, ыйлаганда).
  3. өт. Ызылдаган, зуулдаган созулуңку үн чыгаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үзөңгүгө асылып, / Арсылдаган канчасы, / Улуп-уңшуп ажылдап, / Ыжылдаган мынчасы, / Кудай бетин көрсөтпө, / Алты жүз тайган ажылдап, / Бир кишини камаса, / Баатыр минген Майтору, / Жылкыдан сыны бир башка, / Аны… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мен ооган туруп бир башка, / Таластыктан улупмун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Хан Дабытай, Ачакан, / Кандай күндү көрөбүз, / Ач кыйкырык, куу сүрөөн, / Карышкырдай улуган, / Үнү ачуу бул журттан? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үч жашка чыккан кезинде, / Тун кызын алды Шукшур дөө, / Экинчи кызын бир жашта, / Тартып кетти ушул дөө, / Андан кийин тууганын, / Арадан кырк өткөрбөй, / Алып кетип туруптур, / Жылда тууса, жылда жок, / Кайыпчал менен катыны, / Куу бөрүдөй улуптур, / Жетинчи бала тууларда, / Акыл ойлоп туруптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чачыкей албай куруп кал, / Кара жүз сени көрбөйүн, / Кара жолдо улуп кал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →