улоо2
- Унаа.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мадыбектин үйүндө, / Калемкаш деген күңү бар, / Шектенип айткан кеп болсо, / Чечип айтып ийичү, / Өтүмдүү кызыл тили бар, / Аты күңдүн Калемкаш, / Серпөөлөнүп каш серпип, / Улоо аттай ыргыштап, / Кыйа басып кылт берип, / Сүйлөгөнгө өтө маш, / Ошо кезде Калемкаш, / Он алты менен он жети, / Ортосуна чыккан жаш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жарлык кылып элине, / Тогуз миң улоо камдады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Суурултуп минип улоодон, / Суу укурук колго алып, / Сүрөт эле мени, деп, / Куйругуң салып сыртыңа, / Кутуруп ойно эми, деп, / Жылкыга айткан дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Карматып келип улоону, / Үстүнө токум тарттырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Серек, Сыргак жаш эле, / Сыргагым жылкы баш эле, / Тышка кебек алдырбас, / Улоого нокто салдырбас, / Өзү чыйрак бала эле, / Серегим боору таш эле, / Ача туйак малыма, / Алтымыш үйгө баш эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →