улан1

китептерде 123 жолу, 10 китепте улан 2 →
  1. Үйлөнө элек жаш жигит, жалпы эле бой тартып калган жаш адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бойго жеткен кыздарын, / Талпак кылып тебелеп, / Ак чач болгон кемпирди, / Ары-бери сүйрөлөп, / Орто жашта жубанды, / Билгенин кылып буларды, / Уландын баарын сойуптур, / Карынын көзүн ойуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сүйлөсө сөзү бууланган, / Сүйкүмү артык бир улан, / Тигип койгон өргөөгө, / Алып келип кирээрде, / Алдында басты Көкөйүң, / Кызынын жайын билерге, / Башын салса эшиктен, / Байкуш кызы элейип, / Карап калган селейип, / Тартып койгон сүрөттөй, / Жаны жоктой делейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…/ Ат өлүгү бир тоодой, / Жарадан каны шыркырап, / Жан талашып буркурап, / Өөдө бол деп жөлөсө, / Көз ачалбай шылкылдап, / Антип жаткан андан көп, / Күндү түнгө улантып, / Түн кетип, күндү чыгартып, / Кеңкула чуркап чаалыкпай, / Кылычты шилтеп Кененим, / Кырып жүрөт талыкпай, / Жердин бети чыпылдап, / Жуурулуп топо былчылдап, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Этектерин түрүшүп, / Сүзүшкөн уйдай сүрүшүп, / Күнү-түнү дем албай, / Так ушундай жүрүшүп, / Күнү түнгө уланып, / Түнү күнгө айланып, / Жана тийип күн жарып, / Алмамбет менен Борончу, / Азыктанбай дем албай, / Кайра минди бул экөө, / Аттарына жармашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…уйалып жалтылдап, / Айчүрөк жеңең ал турат, / Үй мүйүз тартып карашып, / Ак калпак кыргыз эл турат, / Кыз-келин күлүп шыңкылдап, / Айлана басып тосоттоп, / Боз улан турат кылкылдап, / Кара сууда балыктар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →