улама2

китептерде 20 жолу, 5 китепте улама 1 →
  1. Бири-бирине улап жалгаштырылган, жалгама.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргыз барып чыгышка, / Беш урук башы биригип, / Беттешип чыккан урушта, / Эбегейсиз жумушта, / Басып кирген кыргыздан, / Уламадан угушта, / Алманбет Чубак тең өлүп, / Музбурчак, Көкчө хан өлүп, / Кырк чоросу Манастын, / Ажыбай баштап көп өлүп, / Манас болуп жарадар, / Кыргыз болуп санадар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Уламадан улады, / Укмуштуудан сурады, / Кары менен жашынан, / Узун кулак башынан, / Эрикпей Жакып сураптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Уламадан уккан кеп, / Түгөнөбү дүйнөдө, / Өрттөп муну ийсе да. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Уламадан укканды, / Учур бастан мен айтам, / Жашырбайын, жаппайын, / Жалганда болгон чынды айтам, / Акыл жетпей баш ооруйт, / Баштан айак чырды айтам, / Жалгандан жамап жазбайын, / Үйрөнүп алган ырды айтам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Сабырдуу байбиче күл азык камдап, уулуна уламадан укканын баяндап түгөл айтып, батасын берип, Алтын-Көлгө жөнөттү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →