улам

китептерде 93 жолу, 10 китепте
  1. Кайта-кайта, кайра-кайра.
  2. Соң, ошого карата, байланыштуу.
  3. Дагы, андан ары, барган сайын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эркекче кийим кийинип, / Белине кемер илинип, / Көзүнө сурма / тартынып, / Көзүнөн улам жаш чыгып, / Аарчыган болуп сурманы, / Көзүнүн жашы аарчынып, / Адагы келип турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айлына түштү бай Жакып, / Айдап жылкы келе албай, / Улам оозун карманып: / — Олжо бергин, соога, — деп, / Кыргыз турса суранып, / Оорагым чыгат эле, — деп, / Чыгармак тургай оорагым, / “Чылбырына тийбе” – деп, / Мизимди менин жандырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ей колу таңууда, / Гүлчоро жатат багууда, / Бакай менен Каныкей, / Гүлчорону багышып, / Кандай заман болот, деп, / Бул Кутургур кагышып, / Айчүрөктү жиберип, / Улам кабар алышып, / Койкүрөң менен Сейитек, / Койуп чыкты жарышып, / Жетимиш миң Кутургур, / Жалгыз башы Сейитек, / Эрдик жолун талашып, / Алмадай болгон алтын баш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мына ушуңдан улам "Катын жакшы - эр жакшы" деген лакап кыргыз элине тараган экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →