улак

китептерде 128 жолу, 10 китепте
  1. Эчкинин бир жашка чейинки төлү.
  2. Көкбөрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чигитей жүзүн көрө элек, / Торгой көрүп караанын, / Бурулуп төргө өтө элек, / Шыкаалаган тешиктин, / Түбүнөн басып кете элек, / Ак чөйчөккө суу алып, / Сары улагын дагы алып, / Ак сарыбашыл кой алып, / Ак боз бээден бирди алып, / Тайар кылып Көкөйү, / Камынып турган чыңданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сойлотуп Чубак эрлерин, / Пил менен калды булкушуп, / Тарткандай улак жулкушуп, / Тумшуктан Чубак алыптыр, / Тумшугун сууруп ала албай, / Туруп пили калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Акылман туулган Керменбай, / Алдынан улак алпар, деп / Кырк баланы куптады, / Келинден тандап ыктуудан, / Кишиге жакын шыктуудан, / Так отузду жумшады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Улак тартчу немедей, / Жабдыгы жок колунда, / Найзасын жанга сүйрөтүп, / Жорго менен жойпутуп, / Кетип барат ченебей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эки улак кетип бара жатканда алдынан көк жал карышкыр каршы чыгып, оозун араандай ачып, эки улакка тап берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →