ула

китептерде 147 жолу, 8 китепте
  1. Бир нерсенин учун экинчи нерсенин учуна кошуу, жалгоо, бириктирүү.
  2. Агылгалоо, ээрчүү.
  3. өт. Кандайдыр башталган ишти, жолду ж.б. андан ары алып кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Калдык сайган найзаны / Учунан улай кармады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Найзанын учу тийерде, / Ирмебей көзүн Кененим, / Учунан улай кармады, / Катуу кармап бек силкип, / Найзаны тартып алганы, / Тартып алган найзаны, / Жаткан ташка салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…п, / Көөрүкчүсүн чакырып, / Токсон миңче эрендер, / Токойго кирди жабырып, / Кырчындын барын кыйратып, / Жоонун кесип сулатып, / Кемтигине куратып, / Кыскасына улатып, / Төрт кыр кылып кынатып, / Башын ташка мадатып, / Темир менен кадатып, / Кош араба өткөндөй, / Эт бышымдын ичинде, / Көпүрөнү бүтүрүп, / Кайра келди чубашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куруп калган бул желдет, / Уккан сөзүн улады, / Көргөн ишин курады, / Тазкаранын кептерин, / Аскер чыгып аттанып, / Элдер дүрбөп кеткенин, / Айтып желдет бүтүрдү, / Уккан-көргөн иштерин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күндү түнгө улады, / Түндү күнгө улады, / Түгөнгөн Токой тың экен, / Дем албай кетип баратты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →