укум2

китептерде 17 жолу, 9 китепте
  1. Баш бармактын учунан баштап, сөөмөйдүн бүктөлгөн уурчугуна чейинки узундук аралык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Укумуна тукуму. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өрттөнүп өлгөн Манастын, / Өлбөгөн укум-тукуму, / Өөрчүп келет өрт болуп, / Арбып кеткен жери жок, / Бирден ашык көп болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үйдө жатып эр өлсө, / Казган көргө кирбейби, / Өлгөн күнү билбейби: / Эл үчүн өлгөн эр болсо, / Укумдан тукум унутпай, / Урпактар айтып жүрбөйбү, / Азыр өлгөн немедей, / Укканда ич күйбөйбү! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Манастын укум-тукумун, / Жээни менен тайыны, / Жерге жээги – баарыны, / Бирин койбой жалмайыт! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ачып көзүн алайып, / Жан жагына каранып, / Атасы өткөн Манасты, / Айландырып эске алып: / — Айкөл атка кондуруп, / Адамдан артык шер кылдың, / Айры төштүү бет келбей, / Алптын баарын кем кылдың, / Айкөлдүн укум-тукумун, / Алашка кызмат кылдырдың, / Мен кептенген шордууну, / Маминтип элден кем кылдың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →